Гуаңжу Көтөрүлүшү (кор. 광주민주화항쟁), Түштүк Корейа'нын Гуаңжу шаарында 1980 Бугунун 18-28 болгон элдик көтөрүлүш, анда болжол менен 2,000 адам курман болгон. Ушул мезгилде аскердик бийликке каршы демонстрасиага чыгышкан жергиликтүү Чоннам Үниверситетинин студенттери өкмөттүк аскерлер тарабынан атылып, өлтүрүлүп, зордукталып, токмоктолгондон кийин Гуаңжу жарандары курал-жарак алышкан (жергиликтүү курал-жарак жана полисиа бекеттерин тоноп). Окуйа кээде кыймыл башталган датага карата 5•18 (Бугу 18; Корейче: 오일팔; Ганжа: 五一八; ЖР: Oilpal) деп аталат. Көтөрүлүш Гуаңжу Демакратиалаштыруу Күрөшү (Корейче: 광주 민주화 항쟁; Ганжа: 光州民主化抗爭), Бугу 18 Демакратиалык Көтөрүлүш, же Бугу 18 Гуаңжу Демократиа Кыймылы (Корейче: 5·18 광주 민주화 운동; Ганжа: 五一八光州民主化運動) деп да аталат.

Гауңжу Көтөрүлүшүн колдоо же четке кагуу илгертен бери эле консербатибдик жана ашкере оңчул топтор менен ишенимдердин, ошондой эле калктын негизги жана прогресибдүү тармактарынын ортосунда лакмус сынагы катары болуп келген. Ашкере оңчул топтор көтөрүлүштү жаманатты кулууга аракет кылышты. Ушундай аргументтердин бири Чун Ду-хуан расмий түрдө кызматка киришкенге чейин болгонун жана ушундан улам аны баштаган студенттерге каршы болгон жөнөкөй студенттердин нааразычылыгы болушу мүмкүн эмес деп эсептешет; бирок Чун Ду-хуан 1979 Бештин айынын 12 бийликке келгенден кийин, Түштүк Корейанын мурунку өкмөтүнүн ийгиликтүү аскердик төңкөрүшүн жетектегенден кийин, иш жүзүндө Түштүк Корейанын жолбашчысы болуп калган.

Түштүк Кореядагы генерал Чон Ду Хвандын бийлигине каршы көтөрүлүш.
Сеулда генерал Чон Ду Хван калкка 1980 жылдарда ар кандай баш аламандык башкаруусунан Гбанжудагы Чхоннам университетинин студенттери көтөрүлүшкө чыгышкан. Ошондо мамлекеттик армиянын куралданган күчү менен көтөрүлүштү басууга аракет жасашкан. Студенттер шаардын борборуна чейин барууну жана аскерлер аларды чыгарбоого аракет жасоодон улам катуу кармаш башталып көптөгөн адамдар өлүмгө дуушар болгон.
27-майда кармаш болгон шаардагы MBC мамлекеттик телерадио компаниясынына таандык бөлүмүн өртөөгө жетишишкен. Анткени студенттер өлкөнүн диктатордук башкаруусун каршы чыккан ойлорун бут өлкөгө жана обого туура эмес маалымат чыгаргандыгын шылтоо кылышкан.
21-майда 300 миндей карапайым калк биригип студенттердин диктатордук армияга каршы чыгышкан жана шаарды бат эле басып алып борбордук башкаруу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жетишкенде бут өлкөдөн чыккан армиялык топ шаарды курчап алып 5 дивизия 750 минден турган көтөрүлүшчүлөрдү 20ден турган жоокерлер 90 минуттун ичинде шаарды кайра басып алуга жетишкен.
Кармаштын кесепетинен 207 адам өлүмгө учурап жана көптөгөн адамдар ар кандай оор жаракаттарды алышкан Улуу Британиянын BBC 1980 жылы каза тапкандардын саны 2000 ге жеткен деп эсептешкен.