Гемизиготалуулук - кандайдыр бир гендердин бир гана аллели бар диплоиддик организм. Г. анеуплоидиянын жана деляциянын натыйжасында пайда болушу мүмкүн.

Нормада Г. гетерогаметтик жыныстын жыныс хромосомаларында жайгашкан гендерге мүнөздүү. Рецессивдик аллелдер (мутациялар ) Г-та фенотипте көрүнөт. Адамда Х жыныс хромосомадагы гендер боюнча эркектер гемизиготалуу болот, ошондуктан рецессивдүү тукум куума оорулар (гемофилия, түстү начар ажыратуу жана башка) эркектерде, аялдарга караганда көп кездешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү