Генетикалык маалымат
Генетикалык маалымат - укумдан тукумга берилүүчү тукум куучу касиет. Мында организимди түзүүчү заттардын (белоктор жана нуклеин к-талары) курамы, түзүлүшү жана зат алмашуу мүнөзү ж-дө маалымат, ата-бабадан кийинки тукумга гендердин жыйындысы түрүндө өтөт. Жыныстык жол менен көбөйүүчү организмдерде Г. и. укумдан тукумга жыныс клеткалары - гаметалар аркылуу берилет. Г. и. хромосомада [[Дезоксирибонуклеин кислотасы|дезоксирибонуклеин к-тасынын]] (ДНК) молекуласындагы нуклеотиддердин иреттүү тизмеги түрүндө болот. Ал онтогенез учурунда генден белгилерге өөрчүйт. организмдердин баардык клеткалары баштапкы бир клетканын - зиготанын бөлүнүшүнүн натыйжасында пайда болгондуктан аларда гендердин жыйындысы да, Г. и. да бирдей.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|