Гент татуулаштыгы - 16-кылымдагы Нидерланд революциясы убагында Нидерланддын түндүк жанa түштүк тарабында Провинцияларынын ортосунда Гент штатында 1576-ж. 8-ноябрда түзүлгөн келишим.

Анда Нидерланддагы испан аскерлерине каршы эки провинциянын биргелешип күрөшөрдүгү, көтөрүлүшкө катышкандарга мунапыз берүү, Түштүктө католицизмди, Түндүктө кальвинизмди сактап калуу каралган.

Католик чиркөөсүнүн жерлери жанa Филипп IIнин бийлиги формалдуу түрдө сакталып калган. Революциячыл Утрехт униясынын (1579) түзүлүшү менен Гент татуулаштыгы күчүн жоготкон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.