Географиялык коом - географияга кызыккандардын жана адис географтардын өз ыктыярдуу уюму. Географиялык коом 60тан ашуун өлкөдө түзүлгөн. Эң алгачкылары: Париж (1821-ж. негизделген), Берлин (1828), Лондон Королдук (1830), Мексика (1833), Петербург (1845), Нью-Йорк (1852) географиялык коомдору. Айрым өлкөлөрдө бир нече өзалдынча географиялык коомдор бар; кесипке карата (адис географтар, ЖОЖдун окутуучулары, мугалимдер жана башка) алар аймактык бирикмелерге жана ассоциацияларга бөлүнгөн. Анда белгилүү бир кесиптеги географтарды бириктирген илимий бөлүмдөр иштейт. Географиялык коомдордо комплекстик илимий программаларды чечүү үчүн проблемаларды караштыруу комитеттери түзүлөт. Географиялык коом өзүнүн иш-аракети менен география илиминин өнүгүшүнө жана кеңири белгилүү болушуна өбөлгө түзөт. Географиялык коомдун жетекчилиги астында жана анын катышуусу менен экспедициялар, конференциялар уюштурулуп, журналдар, монографиялар, илимий эмгек жыйнактары, карта жана атластар басылып чыгат. 1871-1914-ж. Географиялык коом эл-аралык географиялык конгрессти чакыруунун демилгечиси болуп келген. Кийин бул ишти Эл-аралык географиялык союз аткарган. Кыргызстанда адегенде СССР географиялык коомунун (1947) филиалы иштеген, кийинчерээк Кыргыз географиялык коому болуп уюшулган. Коомдун жогорку органы съезд (4-5 жылда бир чакырылат).

Колдонулган адабияттар түзөтүү