Георгий Львович Френкель

Георгий Львович Френкель - Патофизиолог, медицина илиминин доктору, профессор Кыргыз Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти.

Өмүрү таржымалы түзөтүү

Г. Л. Френкель 1899-жылы 9-майда Ленинграддагы Санкт-Петербург шаарында туулган. Ал 1969-жылы 25-октябрда дүйнадөн кайткан.

Кызматы түзөтүү

Ал 1925-жылы Ленинград медициналык институтун бүтүргөндөн кийин прозектор, ассистент (1928), доцент (1935), профессор (1946) болуп иштеген. 1951-60-жылдары КММИнин патофизиология кафедрасынык башчысы, кыргыз ССР Илимдер Академиясынын Крайлык мединститутунун директорунун орун басары (1955-64), Биохимия жана физиология институтунда (1964-69) ага илимий кызматтарда иштеген.

Эмгеги түзөтүү

Эмгектери негизинен физикалык фактордун (механикалык температуралык жана электрдик жаралуунун) денеге тийгизген таасирлерин изилдөөгө арналган.130 дан ашык илимий эмгектин автору, анын ичинен 14 монографиялык змгектерди жазган.

Сыйлыгы жана наамдары түзөтүү

1959-жылы Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери, көзү өткөндөн кийин «Шок жана колляс боюнча очерктер» деген эмгеги үчүн Кыргыз ССРинин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты деген наамга (1970) татыктуу болгон. Кызыл Жылдыз ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

ФРЕНКЕЛЬ Л. Г. Электр тогуна урунуп жарадар болуудан кандайча сактануу керек жана электр тогуна урунуп жарадар болгондорго кандай жардам көрсөтүүгө болот. - Ф., 1958. - 26 б.; ФРЕНКЕЛЬ Георгий Львович // Кыргыз Совет Эициклопедиясы. - Ф., 1980. Т.6. - Б. 284.