Герасимов Михаил Михайлович

Герасимов Михаил Михайлович [2 (15). 9. 1907, Россия империясы, Петербург шаары – 21. 7. 1970, СССР, Москва шаары] – орус окумуштуусу, антрополог-скульптор, археолог, тарых илимдеринин доктору (1956). СССР Илимдер Академиясынын Этнография институтунда пластикалык жол менен калыбына келтирүү лабораториянын башчысы (1950-70) болуп иштеген. Ал адамдын баш сөөгү боюнча анын бет түзүлүшүн калыбына келтирүү методун негиздеген. 100дөн ашык байыркы адамдардын (австралопитек, питекантроп, синантроп), кейпин, ошондой эле 20дан ашык тарыхый ишмерлердин (Ярослав Мудрый, Тимур, Улугбек, Иван Грозный), Орто Азиядагы Тешик-Таш үңкүрүнөн табылган неандерталдыктын, андрон, кеңкол маданияттарынын өкүлдөрүнүн, согдулуктун, ак-сөөк скифтин ж. б. келбетин түзүп, калыбына келтирген. Жогорку палеолит дооруна таандык Мальта турак жайын ачкан жана изилдеген. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1950). «Ардак Белгиси» ордени, медалдар менен сыйланган. Эмгектери: Мальта — палеолитическая стоянка. Иркутск, 1931; Восстановление лица по черепу. М., 1955; Опыт воспроизведение документального портрета по скелету из Панджруда. Душ., 1958; Люди каменного века. М., 1964.

Герасимов Михаил Михайлович
Михаил Михайлович Герасимов
Жынысы эркек
Жарандыгы Орусия империясы, Russian Socialist Federative Soviet Republic, Советтик Социалисттик Республикалар Союзу
Эне тилиндеги ысымы Михаил Михайлович Герасимов
Ысымы Mikhail
Теги Gerasimov
Туулган датасы 2 сентябрь 1907
Туулган жери Санкт-Петербург
Өлгөн датасы 21 июль 1970
Өлгөн жери Москва
Көмүлгөн жери Novodevichy Cemetery
Сүйлөгөн же жазган тилдери орус тили
Кесиби anthropologist, sculptor, Археолог, prehistorian, inventor, artist
Field of work антропология, Археология
Иш берүүчү Institute of Archaeology, N.N. Miklukho-Maklai Institute of Anthropology and Ethnography RAS
Educated at Irkutsk State University
Academic degree Doctor of Historical Sciences
Doctoral student Sergei Nikitin, Leonid Yablonsky
Student of Bernhard Petri
Сыйлыктары Сталиндик сыйлык, Order of the Badge of Honour
Булактарда Great Soviet Encyclopedia (1969–1978), Obalky knih.cz, Medvik, Armenian Soviet Encyclopedia, vol. 3
Copyright status as a creator works protected by copyrights
Commons категориясы Mikhail Mikhailovich Gerasimov
Mikhail Mikhailovich Gerasimov

Колдонулган адабияттар түзөтүү