Гидравликалык кыймылдаткыч

Гидравликалык кыймылдаткыч – суюктук агымынын энергиясын жетеленүүчү звенонун (вал, шток) механикалык энергиясына айландыруучу машина. Иштөө аракетине жараша суюктук агымынын импульстук моментинин өзгөрүшүнүн натыйжасында жетеленүүчү звеносу (гидротурбина, суу дөңгөлөгү) кыймылга келүүчү жана жумушчу органы (поршень, пластина) камерага толтурулган суу басымы менен жылуучу көлөмдүк гидравликалык кыймылдаткыч болуп айырмаланат. Биринчисинде жетеленүүчү звено жалаң гана айланма кыймылда болсо, көлөмдүк гидравликалык кыймылдаткыч кислота чектелген абалда алга-артка, артка айланма (гидроцилиндр) же болбосо чексиз айланма (гидромотор) кыймыл жасайт. Гидроцилиндр күч берүүчү жана моменттик деп бөлүнөт. Күч берүүчү гидроцилиндрде поршенге бириктирилген шток, цилиндр ичинде алга-артка түз сызыктуу кыймылдайт. Моменттик гидроцилиндрде анын ичиндеги вал корпуска салыштырмалуу 360°ка жетпеген артка бурулуу кыймылын жасайт. Гидромотор поршендүү жана ротордуу болуп, поршень менен ротордун иштешинен жумуш аткарылат. Көлөмдүк Г. кислота суу басымы 35 Мн/м2га (350 кгк/см2) жетет, гидромоторлор 3000 кВтка чейинки кубаттуулукта жасалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү