Гидравликалык күчөткүч — гидравликалык жумушчу механизминин башкаруучу органын жылдырыш жана башкаруучу механпзмдин кубаттуулугун көбөйтүүчү түзүлүш.

Гидравликалык күчөткүчтө негизинен дросселдик жанa ичке агымдык (струялык) башкаруу колдону­лат. Дросселдик Гидравликалык күчөткүчтүн тескери жанa түз байланыштуу же алардын айкалышынан турган башкаруу системасы техникада көп колдонулат. Алардын конструкциясы жөнөкөй, иште чыдамдуу.

Гидравликалык күчөткүч төмөнкү эки негизги түзүлүштөн турат: башкаруучу механизм (мис., заслонкасы бар сопло) жанa жумушчу механизм (мис., жумушчу механизмдин поршени же башкаруучу золотник) Гидравликалык күчөткүчтүн күчөтүү коэффициентн 100 000 деп ашат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.