Гидравликалык транспорт

Гидравликалык транспорт— катуу материалдарды суу агымы менен жылдыруу ыгы.

Гидравликалык транспорт гидромеханикалаштыруу ишинде, жер жана тоо-кен жумуштарында, ири казан очокторунан шлак ж-a күл чыгарууда, пайдалуу казылмаларды иштетүүдөн чыккан калдыктар ж. б. материалдарды жылдырууда колдонулат.

Гидравликалык транспорттун кысымсыз ж-a кысымдуу түрү бар. Кысымсыз Гидравликалык транспортто гидро-аралашма жантык ноо б-ча жылат, анын суюк­тук толтурулган түтүгүнүн бети ачык болуп, басымы атмосфераралык басымга барабар келет. Кысымдуу Гидравликалык транспортто гидро-аралашма өтүүчү түтүк кошумча басым астында турат. Бул басым насостун жардамы м-н жаса­лат.

Гидравликалык транспорт гидро-аралашмалар кыймылынын ылдамдыгы кризистик деген эн кичине чондугунан кем болбосо гана ишке ашат. Тыгыздыгына, ташыгыч бөлүкчөнүн өлчөмүнө, гидро- аралашманын коюулугуна ж-a суюк­тук өтүүчү түтүктүн диаметрине жа­раша кризис ылдамдыгынын чондуту 1,5—2 ден 4—5 м/сек га өзгөрөт.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.