Гидротехникалык курулуш
Гидротехникалык курулуш — суу байлыгын (дарыя, көлмө, деңиз, башат) пайдаланууга же суу ташкынынан сактанууга арналган курулуш.
Гидротехникалык курулуш деңизде, дарыяда, көлдө, обуттарда болушу мүмкүн.
Ал тейлөө тармагы б-ча энергетика, мелиорация суу транспорту, карагай агызуу, балык чарбасы, суу менн камсыз кылуу, спорт максатында курулат.
Жалпы ж-a атайын Гидротехникалык курулуш болуп бөлүнөт. Жалпы Гидротехникалык курулушка суу басымын көбөйтүүчү, суу өткөрүүчү, жөнгө салуучу, суу токтотуучу, артыкбаш сууну агызуучу курулуш кирет. Атайын Гидротехникалык курулушка суу энергиясы пайдаланылуучу курулуш (гидроэлектрстанция имараты, бассейндер), суу транспортунун курулушу (кеме өткөруучу шлюз, кеме өткөргүч, маяктар), порт курулушу (мол, док, пирстер), магистралдуу-мелиорация курулушу жанa суу бөлүштүргүч канал, сугат системасындагы шлюз; балык чарбасындагы балык өткөргүч, балык көлмөлөрү ж. б. кирет. Кыргызстандагы Гидротехникалык курулуштан Токтогул ГЭСи, Үч-Коргон ГЭСи, Ала-Арча ГЭСи ж. б-лар бар.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.