Гипотетика-дедуктивдик ыкма

Гипотетика-дедуктивдик ыкма, чыныгы мааниси белгисиз гипотезалардан бүтүм чыгарууга негизделген ой жүгүртүү ыкмасы.

Дедуктивдик ой жүгүртүүдө чындыктын мааниси бүтүмгө жүктөлүп, ойлоо гипотеза болгондуктан, Гипотетика-дедуктивдүү ыкма бүтүмү бүдөмүк мүнөзгө ээ. Ошондуктан Гипотеза-дедуктив ой жүгүртүү үч топко бөлүнөт.

  1. -топко гипотезалар менен эмпирикалык жалпылоолор,
  2. -топко такталган фактылар же теориялык принциптерге карама-каршы келген гипотетико-дедуктивдик бүтүмдөр,
  3. -топко кабыл алынган ой-пикир менен ишенимдерге карама-каршы келген гипотетикалык-дедуктивдүү ой жүгүртүүлөр кирет.

Илим изилдөө процессинде Гипотетика-дедуктивдүү ыкма жардамчы роль ойнойт, анткени анын жардамы менен жаңы гипотезалар айтылбайт, болгону натыйжасы гана такталат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү