Гипсотермометр (гр. hypsos — бийиктик жана термометр), гипсометр, термобарометр — кайнап турган суюктуктун температурасы аркылуу атмосфера басымын өлчөй турган прибор.

Гипсотермометр суу кайнатууга ылайыкталган металл идиштен жана сымап термометринеи турат. Суюктук, андагы пайда болгон буунун серпилгичтиги сырткы басымдыя чоңдугуна туура келгенде кайнайт. Кайнаган суюктук буусунун температурасы өлчөнүп, атайын таблицанын жардамы менен атмосфералык басым аныкталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.