Голицын, Василий Васильевич

Голицын, Василий Васильевич (1643—21.4(2. 5).1714) -князь, орустун мамлекеттик ишмери.

1676-жылдан бояр. Түштүк чек араны коргоого, Осмон империясына каршы 1677—78-жылдагы жортуулдарга катышкан. Стролецтердин көтөрүлүшүнон кийин 1682-ж. дворец воеводу деген наам алган. Батыш Европа элдери менен байланышты күчөтүүнү жактаган. Швеция менен 1661-ж. түзүлгөн Кардис тынчтык договорун күчүнө келтирип, 1683-ж. бекиттирген. 1686-ж. Польша менен Орусия үчүн пайдалуу бүтүмгө жетишкен. 1689- жылдагы дворец төңкөрүшүнөн кийин Архангельскиге сүргүнгө айдалып, ошол жерде өлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.