Нельсон Горацио (29. 9. 1758, Норг фолк графтыгы, Бёрнем-Торп—21. 10. 1805, Испанияда, Трафальгар тумшугуна жакын жерде) — англ, флот башчы, вице-адмирал (1801).

  • 1770- жылдан деңиз кызматында иштеген. Абукир салгылашында (1798) эскадгага командалык кылып, француз флотун талкалаган соң белгилүү боло баштаган.
  • 1799-ж. Неаполду орус аскерлери бошотуп, француз гарнизону багынганда Нельсон француз туткундарын аёосуз жазалаган.
  • Трафальгар салгы­лашында (1805) Нельсон башкарган англ, флот франц.-испаниялык флотту кыйраткан.
  • Ошол салгылашта Нельсон катуу жара дар болун, каза тапкан. Нельсон де­виз согушу боюнча англ, флотто узак убакыт өкүм сүргон тактиканы четке кагып, аны жаңы ыкма менен алмаштырууга аракеттенген.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.