Гранодиорит — минералдык составы жагынан гранит менен кварцтуу диориттин ортосундагы магмалык тоо тек.

Гранодиорит.

Кварцтан (15—20%), талаа шпатынан (негизинен плагиоклаздан), биотиттен, роговая обманкадан жана пироксенден турат. Өңү граниттикиндеи, бирок күңүрт. Батолит, шток ж. б. түрүндө кездешет.

Кыргызстанда кеңири тараган. Гранодиорит курулуш иштеринде коддонулат

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.