Диорит (фр. diorite, б.-грек. διορίζω – чектейм, айрып ажыратам) – плагиоклаз (олигоклаз же андезин), роговой обманка, авгит, биотиттен түзүлгөн магма тоо теги. Диоритте 6–10%ке чейин кварц минералдары кездешсе, анда ал кварцтуу диорит деп аталат. Курамындагы SiO2 55–65%ти түзөт. Күңүрт түстөгү минералдар 30%ке жакын. Өңү боз, жашыл боз. Адатта гранит, гранодиорит жаткан жерде кезигип, алар менен тыгыз байланышта болот. Ошондой эле өз алдынча шток, тарам, лаколит жана башка интрузия массивдерин пайда кылат. Диорит көбүнчө курулуш материалы катары, кээ бир түрү кооз болуп, жакшы жылмалангандыктан, имараттарды кооздоодо, кумура жана башка буюмдарды, кээде скульптура жасоодо колдонулат.

Диорит.
Диорит

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1