График тездеткичи (Graphics accelerator-Графический ускоритель) өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн өздүк процессорду камтыган видеоадаптер түрү. Мындай процессорлор графиктик эсептөөлөрдү мак-сималдуу тездетүү максатында иштелип чыккандыктан компьютерлердин универсал процессоруна караганда графиктик маалыматты жакшы иштетет. Буга кошумча графиктик эсептөөлөрдү аткарып жатканда график тездеткичи компьютер процессорун башка буйруктарды аткарууга бошотот. График колдонмолорунун кеңири таркалышы, өзгөчө мултимедиа колдонмолору график тездеткичинин зарыл экендигине алып келди. Графиктик сүрөттөлүштөрдү сактоодо график тездеткичтери өздүк эстер менен жабдылат. Эсинин көлөмү чагылдыруучу түстөр санынын максималдык чечилүүсүн аныктайт. Ар график тездеткичи белгилүү типтеги видео-жолчолор үчүн иштелип чыгат. Көпчүлүк график тездеткичтер PCI жолчосу үчүн иштелип чыккан. Берилиш регистрлеринин разряддуулугу өзгөчө мааниге ээ. Регистр разряд-дуулугу жогору болгон сайын процессор ар буйрук менен ошончо көп берилиш иштете алат.

Кошумча маалымат түзөтүү


Колдонулган адабияттар түзөтүү