Грек-түрк согушу (1919-1922) — Aнтантa мамлекеттеринин баскынчылыгына каршы түрк элинин улуттук-боштондук согушу.

Биринчи дүйнөлүк согушта Осмон империясы жеңилгенден кийин британ, француз, италиялык аскерлери Туркиянын көп жерин оккупациялаган.

Империалисттик державалардын чечими боюнча грек аскерлери Измирге басып кирет. Бирок Туркияда 1919-ж. башталган улуттук-боштондук кыймыл империалисттердин планын жүзөгө ашырткан жок (к. Кемалчылар революциясы). 1920-ж. 23-апрелде кемалчылар Туркиянын жаңы улуттук Улуу чогулушун чакырып, Мустафа Кемел башкарган улуттук өкмөтү түзүлгөн.

Бул өкмөттүн аскерлеринен грек армиясы 2 жолу (1921-ж. 10-январь, 31-март) жеңилсе да, Анкарага өтө жакын кирип келген.

Ушундай кырдаалда Туркия менен РСФСРдин ортосунда «Достук жана бир туугандык жөнүндө» договордун (1921-ж. 16- март) түзүлүшү түрк элинин улуттук-боштондук күрөшүнө чоң жардам берген. Түрк аскерлери 1922-ж. 30-августта Думлупынардын жанындагы салгылашта грек армиясын талкалап, 9-сентябрда Измирди, 18-сентябрда бүткүл Анатолияны бошотту.

Муданий убактылуу элдешүүсү (1922), Лозанна тынчтык келишими (1923) Грек-түрк согушун бүтүрүп, Туркия көз карандысыздыгын сактап калган.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.