Измир
Измир - (Izmir, байыркы гр. Смирна) Түркиядагы шаар жана ири порт. Эгей деңизиндеги Измир булуңунун жээгинде жайгашкан. Измир илинин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 2,6 млн (2008). Эл аралык аэропорту бар. Тамак-аш татымал, текстиль, машина куруу ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Университет бар. Б. з. ч. 2-миң жылдыкта негизделген. Б. з. ч. 7-кылымдагы ибадаткананын калдыктары, Тантал күмбөзү (б. з. ч. 6-к.) чептин (эллинизм мезгили) дубалы жана дарбазасы, агора мечити (2-к.) сакталган.
Колдонулган адабияттарОңдоо
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5