Нисский Григорий (335–394) – чиркөөлүк жазуучу, грек патристикасынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири.

Gregory of Nyssa.jpg
De virginitate

Чиркөө ишмерлери менен ойчулдарынын каппадокийлик ийриминин катышуучусу. Жаш кезинде философия жана риториканы окуп үйрөнгөн, кийин монастырга кеткен. Анын философиялык көз карашы Платондун таасири астында калыптанган. Григорий Нисскийдин антропологиясы зор оригиналдуулугу менен айырмаланган; ал индивиддин идеясы эмес, адамзаттын идеясынан чыгат деп белгилеген.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8