Грюнвальд салгылашы

Грюнвальдь салгылашы‎»‎ барагынан багытталды)

Грюнвальд салгылашы (1410) (немис тарыхында Танненберг салгылашы деп аталат) — «Улуу согушта» (1409—1411) поляк-литва-орус аскерлери Тевтон орденинин аскерлерин кыйраткан чечүүчү салгылаш.

Польша королу Владислав II Ягайло командалык кылган аскерлер улуу магистр Ульрих Фон Юнгинген башкарган тевтон аскерлерин Грюнвальд районунда талкалаган. Бул катуу сокку тевтон аскерлеринин чыгышка агрессиясын токтоткон. 1960-ж. Грюнвальд салгылашы өткөн жерге Польша өкмөтү эстелик тургузган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.