Губерния — Орусиядагы эң ири админстративдик-аймактык бирдик.

1708-ж. Петр I нин указы боюнча Орусия Петербург, Москва, Архангелогород, Смоленск, Киев, Казан, Азов жана Сибирь деген 8 губернияга бөлүнгөн. Кийин Губерниянын саны дагы көбөйгөн.

Губернияны губернатор башкарган. Губернатор Сенатка баш ийген.

19-кылымда Орусиянын европ. бөлүгүндө мурдагыдай эле Губерния сакталып, улуттук чет-жакаларда ген.-губернаторлук система түзүлөт.

Мындан тышкары 19-кылымдын 2-жарымы — 20-кылымдын башында 20 админ, область түзүлгөн.

Февр. революциясынан (1917) кийин бурж. Убактылуу өкмөт губерниялык мекемелерди сактап турган. Окт. революциясы адегенде губерниялык бөлунуштөрдү сактаганы менен анын эски аппараттарын жогоп, Совет өкмөтүнүн жаны органдарын ачты. Губерния территориялык бөлүнүштөрү 1924—29-ж. областтарга жана крайларга, кийинчерээк округга алмашылды.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.