Гудзон, дарыя
Гудзон, Хадсон — АКШнын чыгышындагы дарыя.
Уз. 520 км.. Алабынын аянты 34,6 миң км2. Адирондак (Аппалач) тоосунан башталып, Атлантика океанына куят. Кар жана жамгырдан куралат.
Орт. чыгымы 210 м2/сек, эң көбү 3500 м2/сек. Чатынан 240 км ге чейин кеме жүрөт. Ири ГЭС бар. Чатында Нью-Йорк ш. жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.