Гүлчехра Валиулина (Гульчира) (орус. Гульчахра Валиулина) (23.8.1923, Челябинск облусу, Ичкин айылы – 11.1.2014) – Кыргызстандагы 20-кылымдагы көрүнүктүү өнөрпоз, ырчы, филармонияда ырааттуу ырчы болгон ишмерлердин бири, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1963). Кыргыз тилинде опералык жана башка обондуу ырларды чеберчилик менен аткарган теги татар айым. Бишкектеги татар-өзбек мектебинде окуган. 1940-жылы Кыргыз филармониясынын бий ансамблине кабыл алынган. Кийин ырчылык кесипке өткөн. Ж. Шералиев, К. Молдобасанов, А. Малдыбаев, А. Аманбаев жана башка композиторлордун ырларын тунук, мукам үнү менен чебер аткарган. Айрыкча Ж. Шералиевдин «Түшүмдө», «Белегиң», «Сулуу кыз», А. Малдыбаевдин «Эмне үчүн», «Фрунзем», К. Молдобасановдун «Өрттөнсүн бозой жалынга», «Селкиге», Н. Давлесовдун «Жылкычы бозой», «Саанчы жеңе» жана башка ондогон ырлары В-нын аткаруусунда кыргыз ырларынын классикасына айланган. 1958-жылы Москвада өткөн кыргыз ад-ты менен искусствосунун онкүндүгүнө катышкан. СССРдин курамындагы союздук республикалардын бардык шаарларында гастролдо болгон. «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Гүлчехра Валиулина
Туулган датасы

23 -август 1923(1923-08-23)

Туулган жери

Юлдуз кыштагы, Челябинск облусу, СССР

Өлгөн датасы

11 -январь 2014(2014-01-11) (90 жаш)

Өлгөн жери

Бишкек, Кыргызстан

Өлкө

 ССРС Кыргызстан

Кесиптери

Опера ырчысы

Жанрлары

Опера

Өмүр баяны

түзөтүү

Гүлчехра Валиулина 1923-жылы 23-августта Орусиянын Челябинск облусунда Юлдуз кыштагында жарык дүйнөгө келген
Гүлчехра Валиулина Кыргызстанга 1940-жылы 17 жашында ата-энеси менен Орусиядан көчүп келген.
Ошол эле 1940-жылы Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияга ишке кирген.
Гүлчехра айым Петр Федорович Шубиндин сунушуна ылайык 1944-жылдан тартып солист катары филармонияда ырдай баштаган. Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарын түрө кыдырып концерт берген.
Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда 1978-жылга чейин иштеп, ардагерликке чыккан.
Валиулина 2014-жылы 11-январда 91 жашында Бишкек шаарында дүйнө салды.

Айша Базарбаеванын эскерүүсүнөн

түзөтүү

КРнын эмгек сиңирген артисти Айша Базарбаева эскерет:
Ош шаарына гастролдоп чыкканда, мен концертке алып баруучу болдум. Улукмырза Полотов менен Гүлчехра Валиулина "Аста секин, колуктудан" үзүндү дуэт ырдашмак.
Гүлчехра эже чыгайын десе, өтө турган жер жок, чыйпылдап атат.
Улукмырза агай каккан казыктай болуп эле турат да: "Оо Зияш, ой ий, ботом, кайда кетти?" деп чочуса, Гүлчехра эже:
"Ой, мен мындамын" деп обон созуп чимириле бийлеп, дирижёр Эсенгул Жумабаевдин жанынан кыпчылып болсо да өтүп, билдирбей кырдаалдан чыга калган”.

Казакбай Абдышевдин эскерүүсүнөн

түзөтүү

Кыргыз жазуучусу Казакбай Абдышев “Кум дөбөлөр” китебинде (2012) мындайча эскерет:
Бир жолу: «Райондун борбору Чат-Базарга артисттер келиптир. Айыл жерлерине келбей, оюндарын райондун борборуна коюшуп, ошодон ары кетип калышат экен. Ал оюнда Айчүрөк ак куу болуп учат экен» деген сөз угулуп калды.
«Атаң көрү, ушул оюнду кантип көрөр экем» деп аябай дегдедим. Биздин айыл менен Чат-Базардын ортосун он эки чакырым деп жүрүшкөн. Атам кой ферма болгон себептен боз үй тигип, кой кайтарган Мамбеталыныкы менен айылдан үч чакырымчалык алыс «Кулаган-Таштын» башына барып конгонбуз.
Ошондо жолдун жалпы аралыгы он беш чакырым болот. Оюн болот деген күнү жылаңаяк, жылаңбаш үйдөн чыгып, ошол он беш чакырым аралыкты жөө, бирде чуркап, бирде желе жүрүп олтуруп, райондун борборуна баргам. Мен жеткенде төш таяна олтурган элге коюлган оюн бүтүп, эл тарап жатыптыр.
Менин ошондогу ичимдин күйгөнүн айтып берүүгө тилим жетпейт. Башкасы болбосо да, Айчүрөктүн аккуу болуп учканын эле көрүп калсам болот эле деп ичим жаман ачышкан. Ошондо мен он эки-он үчтөгү баламын. Тааныган эч кимим жок, башымды шылкыйтып кайра тарттым айылды көздөй. Чаң жолдун чаңын жылаңайлак буркулдатып, он беш чакырым жерди кайрадан бирде чуркап, бирде басып, караңгы түн киргенде үйгө жеткем.
Кийин көргөндөрдөн аныктап уксам, Айчүрөк ак куу болуп учпай эле, анын ролун аткарган Гүлчехра Валиулина чоң ак жибек жоолукту эки колу менен арт жагына кармап, желпилдетип, көшөгөнүн бир жагынан чыгып, экинчи жагына жүгүрүп өтүптүр.

Сыйлыктары. Наамдары

түзөтүү

Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамын алган.

Эстеликтери

түзөтүү

Анын аткарган ырлары КТРКнын алтын фондунда сакталуу.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер

түзөтүү