Гүлшайыр Садыбакасова - кыргыз эстрадасындагы белгилүү "Кыз бурак" эстрада тобунун жетекчиси жана негиздөөчүсү. Обончу, урма аспап өнөрүнүн адиси.

Кыргызстан Ленин Комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1987). Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1995). Кыргыз Республикасынын эл артисти (2011). "Даңк" орденинин ээси (2021).

КИРИШ СӨЗ ОРДУНА

Өз бактымды өгөйлөдүм ыр үчүн! "...Күрөш менен өнүп-өстүм, такшалдым, Жеңилбедим, жерге башты салбадым. Жолун ачтым таланты бар кыздардын, Өнөрүнө өмүр бердим уздардын. Жаманы бар, жакшысы бар жылдардын, Жыргалына, кууралына чыдадым. Өз бактымды өгөйлөдүм ыр үчүн, Ошол менин элге кошкон үлүшүм..." деген саптар КРнын Эл артисти, “Кыз-Бурак” эстрадалык тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын калемине таандык. Эже бизге өткөн өмүрү тууралуу баян этип, сырларын төктү.

«ЭРКЕК МҮНӨЗ ЭСЕЛЕК КЕЗ...» –Мен мугалимдин үй- бүлөсүндө төрөлгөн карапайым кыргыздын кызымын. Өмүрүм, жашоом Ноокат районундагы Кулатов (мурдагы Жал, Кожо-Арык) айылында өттү. Атам менен апам ар дайым жумушта болгондуктан, чоң энемдин колунда тарбияландым. Кичинемден өтө шок чоңойдум. Бир жолку тентектигим эсимде. Беш жаштамын, корообуздагы кочкорду жыгач менен сайгылай бериптирмин. Акыры кочкордун да жаны чыкты окшойт, мени дубалга жабыштыра сүзүп салды. Кочкордон коркуп сөрүнүн (тапчан) алдына кире качтым. Мурду-башым канап, өкүрүп-бакырып апам келгенге чейин ыйлап отура бергем. Апам келип “күнөө кочкордо эмес, сенде” деп мени урушкан эле. Мектепте окуп калганда деле эркек балдарга кошулуп футбол, чүкө ойночумун. Кыздар менен отурганда жүрөгүм сыгылып кетчү.

«АЙДООЧУ БОЛОМ ДЕГЕМ» –Балалыгым өттү, 8-классты бүткөндө атам менден сурап калды, "сени окууга жөнөтөбүз, кайсы кесипти тандайсың?" деп. Биринчи эле "айдоочу болом" дептирмин го. Атам "качан аял киши машина айдачу эле?" деп чалкасынан кетти. Ойлонуп туруп "анда дүкөнчү болом" дедим. Аны да "акчага жакын болбо" деп жаратпады. Мен да эч ойлонбостон “бул эки кесип жарабаса, анда артист болом” дептирмин. “Жети атабызда артист болгон эмес, оозуңа алба артист болууну” деп атамдын жинденгенин айтпа. Ошентип кесип тандай албай отуруп, орто окууга барбай калдым.

«АТАМ МАГА ЭКИ ЖЫЛ ТААРЫНДЫ» –Эмнегедир атам тыйган нерселердин баарын жасай берчүмүн, велосипед теппе десе тээп, эшек минбе десе минип. Атам мени кыз бала болуп чоңойсун десе, мен эркектей болуп жинине тийчүмүн. Окууну бүткөн соң атамдын катуу колу алдында кыргыз тили мугалими болууга даярдык көрүп, Фрунзеге жөнөп кеттим. Эки жыл катары менен тапшырып, сынактан өтпөй калдым. Атам “болду эми, сен окубайсың, күйөөгө берем” деп калды. Ошол убакта колумду сурагандар чыкты. Дагы бир жолу барайын десем, "жок дедимби, жок" деп кетип калды талаага. Анан апама ыйлактасам, эне да түтпөдү көрүнөт, атама чыккынчылык кылып мени окууга жиберди. Билеттен сырткары 40 сом менен борбор калаага кеттим. Ата-энеме айтпай музыкалык факультетке тапшырдым. Окууга өткөнүмдү апама айтып, атама айтпадым. Атам принципиалдуу киши. Жолунан өтүш оор эле да. 6-7 айдан кийин атам менен телефондон сүйлөшүп, музфакта окуп жатканымды айттым. Атам шарт телефонду коюп койду, ошол боюнча 2 жыл таарынды мага. Акчаны апам берет. 2-курста айылга келдим, ал убакта шалбыраган, багалегинин кенендиги 40 сантиметрге жеткен шымдар мода болчу. Ошондой кийинип айылга барып алыпмын. Бир убакта атам келе жатат, кабагын карыш түйүп алып. Келип эле “эл-журтка мени уят кылдың, каяктагы батыштын шымын кийип” деп урушуп, тилдеп, какыс-кукус да кылып жиберди. Ошентип, алгачкы жолу айылга кыздардын шым кийгенин мен алып келдим.

«ШООЛА» 7 ЖЫЛ ГАНА ЖАШАДЫ» –Чыгармачылыкка болгон алгачкы кадамыбыз 1972-жылы башталды. Ыр жазып, обон чыгара баштадым. 1973-жылы алгачкы жолу кыздардан ансамбль түзүү аракети башталды. Чоро Кожомжаров, Эркин Курманов аттуу агайларыбыз топ түзүүгө аракет кылышты. Кастинг башталды, тандалып отуруп алгачкы урма аспапта ойногон кыз мен болдум. “Шоола” деген топ түзүлдү. Латвия, Литва, Москвага чейин барып келдик. “Шоола” 7 жыл жашап туруп эле өмүрүн токтотту. Окууну бүткөн соң бизди Оштогу педучилищеге мугалим кылып жөнөтүштү. Ошко келсек, кыздар ансамблин түзүү толкуну бул жакка жеткен экен. Рахман Салмаматов деген агай бизге топ түзүлүп жатканын айтты. Драмтеатрдын 3-кабатында 4-5 кыз эми ойноп үйрөнүп жатышкан экен, биз даярбыз да, дароо эле кошулуп кеттик. Ошентип, ансамблдин атын коюу аракети башталды. “Кыз-Бурак” деген ат көңүлгө жагып, тандап алдык. Өмүрүмдү ансамблге арнадым, жаштыгымды сарптадым. Керек болсо үй-бүлөмдү, бактымды да ушул “Кыз-Бурак” үчүн садага чаптым.

«ЖОЛДОШУМ «КЫЗ-БУРАГЫҢДЫ» ТАШТА ДЕДИ» –Жолдошум Мамырасул (Абдрасул дечүбүз) деген жигит менен студенттик кезде таанышканбыз. Ал кезде жердештер чогулуп кече уюштурмай деген мода эле. Окууга өткөн жылы жердештер отурушуна баргам. Бир кафе толо адамдар. Биздин столдо Абдрасул да отурган. Анда ал жигит эт комбинатында жумушчу болуп иштечү. Ошол жерден таанышып калдык, Ноокаттан болот экен. Мен эми бала кыялмын да, сүйүү-пүйүү эмне экенин билбейм. Ал 1973-жылдан 1978-жылга чейин 5 жыл артымдан жүрдү. Урушсам, сөксөм деле, кыздардын көзүнчө жерге чапсам деле баарына көтөрүмдүү болуп жүрүп, акыры 1978-жылы экөөбүз баш коштук. Көпкө жашадык. Ал бир гана талап коюп туруп алды. “Кыз-Бурагыңды” таштачы, жөнөкөй эле өмүр сүрөлү” деди. Чынында, “Кыз-Бурак” деп аты сонун угулганы менен, мунун ичинде канча деген ый-күлкү, канча көз жаш, канча кайгы, жыргал, куурал бар. Айрыкча кыздар менен иштеген азап менен тозоктун өзү. Ар кандай үй-бүлөдө тарбияланып келген кыздардын башын кошуп, бир максатка көңүлүн, дитин буруш эркти, күчтү, энергияны талап кылат. Ошон үчүн мына таштайм деп кээде таштап коюп, карабай салып жүрүп деле ансамблден кол үзүп кете албай койдум. 1990-жылы бизнеске өтүп кеттим. Бирок негедир кыздар жетимсиреп калгансып, кимдир бирөө мага нааразы болгонсуп, кайра топко тартыла бердим. Айтор, чыгармачылык деп жүрүп жолдошум экөөбүздүн ортобуздагы жарака чоңойду. Күйөөң деле айта берип чарчайт экен да, муздады. Акыркы 7-8 жыл үзүл-кесил жашап калдык. Ал Орусияга кетти, арабыз алыстады. Акыры 2002-жылы “кой эми, дос, экөөбүз башка эле жашайлы” деп ажыраштык. Самарада экинчи бүлөсү менен жашады. Кайненем Абдрасул төрөлгөндө каза болуптур. Кайнатам башка бүлөсү менен жашачу. Ошондуктан Абдрасулдун тага журтуна келин болуп бардым. Бүгүнкү күндө да таякелеринин балдары менен жакшы мамиледебиз, алар "жеңе" деп келип турушат.

«БӨТӨЛКӨ САТЫП БИЗНЕС БАШТАГАМ» –1992-жылдан бери бизнесим бар. Эң биринчи аукциондордо Ноокат, Кызыл-Кыя, Оштон бирден дүкөн сатып алгам. Ошол дүкөндөрдүн пайдасын көп көрдүм. Анын ичинен Кызыл-Кыядагысы бөтөлкө кабыл алчу дүкөн эле. Ошого элдин баары күлгөн. "Шашпагыла, силерге көрсөтөм" дедим да, дүкөнүмө "бөтөлкөгө самын алмаштырам" деп жазып койдум. Анан көрө бер, элден чогулган бөтөлкөлөргө бир КамАЗ кир самын алмаштырдым. Бөтөлкөлөрдү Оштогу арак заводуна өткөрдүм. Ошондогу арак заводдун директору бетимден өпкөн, "бизде бөтөлкө жокто ырас кылбадыңбы" деп. Бөтөлкөгө арак алмаштырып, арак бизнесин баштадым. Аракты ушул жердеги эле кампабыздан талап кетишчү. Экинчиси ошол эле чакан ишканамдын базасында болду. Жибек комбинатындагы костюмдардын ичине тигилчү саржаларды чаң басып жаткан жеринен сатып алып, түрктөргө саттым. Андан кийин насос заводунун товарын эч ким албай, калып кетти. Аны Өзбекстанга саткан да мен болдум. Ошентип тобумдун тымтыракайы чыкканда бизнес баштап, сактап калдым.

«ДУШМАНЫМ КӨП БОЛСО, ЧЫЙРАЛАМ» –Чыгармачылык болгондон кийин жакшысы, жаманы, бут тосуулар, интригалар болот. Ачуу, таттуу сөздөр... Мунун баарын бүгүнкү күнгө чейин башымдан өткөрүп келатам. Бир кызга гитара үйрөтүү үчүн бир жыл убакыт сарпталчу. Кылдап үйрөтүп койгон соң койду ала качкандай эле ала качып кетишет. Ошентип отуруп өмүрүм өттү. "Кыз-Буракты" эч таштай албадым, одоно айтканда, "Кыз-Буракка" никеленип, "Кыз-Бурак" мага никеленип калган экен...