Дадабаев Мурат Хасанович

Дадабаев Мурат Хасанович - медицина илимдеринин доктору(1986). Ал 1957-жылы Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Тажик-Кыштак айылында төрөлгөн. Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты(2002). КММИни бүтүргөн(1980). Шаардык клиникалык ооруканада(№2) врач, ЦКТБде жүрөк жана кан тамыр рентген-хирург, илимий бөлүмүнүн башчысы, 2002-жылдан ошол эле жерде директордун орун басары. Жүрөк кан-тамыр жана рентген эндоваскулалык хирургия боюнча адис. 70тен ашык илимий эмгеги, анын ичинде 1 монографиясы бар. Эмгектери: Современный подход к хирургическому лечению единственного желудочка сердца. Ф., 1988; Способ выбора анатомической коррекции единственного желудочка сердца. Ф., 1990; Эндоваскулярная и минимально инвазивная хирургия сердца и сосудов у детей. Б., 1999.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстан: энциклопедия