Данияр Мураталы уулу (1880, Суусамыр өрөөнү, Ак-Мойнок кыштоосу - 1960, Жумгал району, Чаек кыштагы) - суусамырлык саяктардын белгилүү манабы.

Кыргыз элинин тарыхын жакшы билген санжырачы болгон. Даниярдын атасы Муратаалы Абадан уулу 50 жашында чечек оорусунан каза болот (1854-1904). Атасынын көзү өткөн соң, 24 жашында, анын ордуна бий шайланат. Анын тогуз бир тууганы (7 эркек жана 2 кыз) болгон. Инилери Мырзакмат менен Үсөналыны Пишпектен жана Ташкенден окутат. Өзүнөн Расия деген бир кыз болгон.

Үч бир тууган инилеринин үч баласын, Жусупакматты (Насыке уулу), Сапарбекти (Мырзакмат уулу), Майдинди (Төралы уулу) багып-тарбиялаган. Өзү эмгекчил, сыпаа адам болгон. Кол өнөрчүлүк менен да алектенген. Ал жыгачтан кашык, чөйчөк, тепши, соку, сокбилек, ээр жасаган. Киште (шахмат) ойногонду мыкты билген. Атасы Муратаалы да акылгөй, элге кеңири белгилүү манаптардан болгон.

Байбичеси Жериндиге токолунан төрөлгөн Төралыны, токолу Айымканга байбичесинен төрөлгөн Райылда деген кызды бактырып чонойткон экен. Азыркы учурга чейин Муратаалынын эки аялынан тараган тукумдары ынтымакта жашап келишет. Данияр бий башка уруулардын мыктылары менен да тыгыз байланышта болуп, кудасөөк, досчулук сыйлуу мамиледе болгон. Мырзабек болуш Данияр бийдин атасынын кан досу болгон, Түркмөн болуш кудасы, Биялы бий агасы жана сыйлаган адамы, токтогулдук манап Эсенжан күйөө баласы, суусамырлык Белек бай кудасы, Шааболот уруусунун манабы Мамыткан досу, кудасы болгон. Улуу акын Токтогул Сатылганов ал жалгыз кызы Расияны турмушка узатканда Суусамырга келип, күнүтүнү ырдап турган экен. 1929-ж. жалпы эле мВнаптар менен бирге Казакстандын Меркесине жер которушат. Ал жактан 1932-жылдары кайтып келип, өмүрүнүн акырына чейин Суусамырда жашаган.

Ушундан кийин да суусамыр эли, Даниярга элдик сот катары кайрылып, чыр-чатак маселелерин калыс чечип алып турган. Кийинки жылдары Жумгалда Мырзакматов Сапарбектин колунда туруп, Чаек айылындагы мечитте бешим намаз окуп жаткан учурда каза болгон. Сөөгү Суусамырга алынып келип, Капкан-Таш көрүстөнүнө коюлган. Жаратылышынан сыпайы, билимдүү, маданияты бийик, өтө калыс адам жана санжырачы катары элдин эсинде түбөлүккө сакталып калды. Чал уруусунан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9