Дарбыздын уругун баш бармак жана сөөмөй менен сыгып бийиктикке атмай

Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аянтчада, талаада өткөрүлөт.

Оюнда дарбыздын уруктары колдонулат.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар дарбыздын уруктарын алышып, бир катар болуп турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден дарбыздын уруктарын баш бармак жана сөөмөйдүн учу менен сыгышып бийиктикке атууга аракеттенишет. Оюн оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Дарбыздын уругун баш бармак жана сөөмөй менен сыгып бийиктикке учурган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү түзөтүү

Дарбыздын уругун баш бармак жана сөөмөй менен сыгып алыстыкка атмай, Ашкабактын уругун да баш бармак жана сөөмөй менен сыгып бийиктикке атмай.

Оюнду эрежеси түзөтүү

Бир бирине тоскоолдук кылууга, чурулдоого болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда манжалардын күчү тарбияланат жана кыймылдуу болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү