Даргын (лат. Erysimum) – өсүмдүктөрдүн кайчы гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Эки же көп жылдык чөп. Өзөк тамыр, сабагы тик, бийиктиги 25–80 см. Сүйрү, чети тилчедей кесик, жалбырагы түп жагында тегерек жайгашкан. Топ гүлү – себетче, гүлү көк же көгүш, кээде агыш. Мөмөсү цилиндр же төрт кырдуу – саадак. Уругу бир катар тизилген. Анын 100 түрү Евразия, Түндүк Африкада таралган, КМШ өлкөлөрүндө 70 түрү негизинен Кавказда, Орто Азияда өсөт. Кыргызстанда 9 түрү кургак өрөөндөрдө, талааларда, шагыл таштуу тоо беттеринде, кээде бийик тоолордун капчыгайларында кездешет. Айрым түрлөрүнүн дарылык касиети бар, медицинада колдонулат.

Erysimum cheiranthoides.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстан:энциклопедия