Дароот-Коргон, Чоң-Алай району

Дароот-Коргон (орус. Дараут-Курган) — Ош облусундагы Чоң Алай районунун жана Дароот-Коргон айыл өкмөтүнүн борбору, кыштак. Алай өрөөнүнүн батыш бөлүгүндө, Кызыл-Суу суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2460 м бийикте жайгашкан. Облустун борбору жана темир жол бекети Ош шаарынан 286 км түштүк-батыш тарапта. Кыштак 1885-жылы негизделген. Калкы 4852 (2006); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Эки орто мектеп, бала-бакча, маданият үйү, клуб, райондук жана балдар китепканасы бар. Оорукана, ФАП, үй-бүлөлүк врачтар тобу, мончо иштейт. Кыштактын жанында Кокон хандыгы учурунда курулган (1821) чептин калдыгы сакталган. [1]

Дароот-Коргон
Дараут-Курган
Өлкө

Кыргызстан

Облус

Ош областы

Тарыхы жана Географиясы
Калкы
Калкынын саны

4 726 [1] (2009)

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

Булактар түзөтүү

  1. 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.