Дастан Жумабеков

Кыргызстандык саясатчы, Жогорку Кеңештин төрагасы (2017-2020)

Дастан Жумабеков[1] (төр. 2-ноябрь 1976; Саткей Кара-Буура району, Талас облусу, Кыргыз ССРи, СССР[2]) — Кыргызстандык саясатчы, мамлекеттик ишмер жана спортчу. «Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү. Чыгыш күрөш өнөрлөрү боюнча спорт чебери. 2017-жылдын 25-октябрынан 2020-жылдын 6-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы (2017-2020)[3]

Дастан Жумабеков
Дастан Жумабеков
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
желек
желек
25-октябрь, 2017 — 6-октябрь, 2020
Өкмөт башчысы: Сапар Исаков
Мухаммедкалый Абылгазиев
Кубатбек Боронов
Президент: Алмазбек Атамбаев
Сооронбай Жээнбеков
Андан мурунку: Чыныбай Турсунбеков
Андан кийинки: Мыктыбек Абдылдаев
 
Дини: ислам
Туулган жери: Саткей, Кара-Буура району, Талас облусу, Кыргыз ССРи, СССР
Партиясы: «Ата-Журт» (2010 — 2015)
«Кыргызстан» (2015 — а. у)
Билими: Кыргыз Улуттук Университети (КУУ)
Кесиби: Юрист

Өмүр баяны түзөтүү

1976 – жылдын 2-ноябрында Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Саткей айылында туулган[2].

Жогорку билимдүү. 2001 – жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетин “Юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 2002 – жылы Кыргыз Республикасындагы түрк компаниясынын "Баямташ ЛТД" өкүлчүлүгүндө коммерциялык мүдүрү болуп баштаган.

2005-2007 – жылдары бельгиялык «КАSI трейнинг» фирмасында башкы менеджер;

2007-2009 – жылдары «ЯКАД» ЖЧКсында башкы мүдүр;

2009-2010 – жылдары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу боюнча механизациялашкан көчмө бөлүгүнүн башчысы;

2010-жылы октябрда «Ата-Журт» идеалисттик демократиялык саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин коррупция менен күрөшүү боюнча комитетинин мүчөсү;

2014-жылдын май айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата-Журт» фракциясынын лидеринин орун басары;

2015-жылдын июнь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата-Журт» фракциясынын лидери[4];

2015-жылдын 4-октябрында «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган[1];

2017-жылдын 25-октябрында жашыруун добуш берүүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп дайындалган[5]

Жеке жашоосу түзөтүү

11 бир туугандын арасында чоңойгон. Атасы — колхоздун бригадири, апасы — мугалим. Эң улуу агасы — белгилүү академик, профессор, Бишкектеги Травматология жана ортопедия улуттук борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Сыйлыктары жана Наамдары түзөтүү

  • 2009 – жылы Кыргыз Республикасынын спорттук-техникалык коргонуу уюмунда жасаган эмгеги үчүн медаль менен сыйланган. КР СТКУ Борбордук Кеңеши;
  • Райондун инфраструктурасын жакшыртууга жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын Ардак грамотасы (2009 – ж.);
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы (2014 – ж.);
  • Талас облусунун Кара-Буура районунун Ардактуу атуулу;

Эскертмелер түзөтүү

  1. 1.0 1.1 7 жылдан бери депутат, белгилүү хирургдун иниси, футболчу... Спикерликке сунушталып жаткан Дастан Жумабековдун өмүр баяны. Super.kg. Текшерилген күнү 10 -февраль (бирдин айы) 2018.
  2. 2.0 2.1 Жумабеков Super.KG жылнаама. Super.kg. Текшерилген күнү 10 -февраль (бирдин айы) 2018.
  3. Дастан Джумабеков подал в отставку
  4. Жумабеков "Ата Журт" фракциясынын лидери болуп Дастан Жумабеков шайланды. Super.kg. Текшерилген күнү 10 -февраль (бирдин айы) 2018.
  5. Sputnik. Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды (кырг.). sputnik.kg. Текшерилген күнү 10 -февраль (бирдин айы) 2018.

Шилтемелер түзөтүү