ДекабристтерРоссияда жеке бийликке, крепостнойлук укукка каршы 1825-ж. декабрь куралдуу көтөрүлүшүн уюштурган жашыруун коомдордун мүчөлөрү, орус дворян революционерлери. 1813–1815-жылдарындагы чет өлкөлүк жүрүштөрдө Европа өлкөлөрүнүн мамлекеттик жана коомдук түзүлүшү менен таанышып кайткан офицерлер Россиянын артта калуусунун түпкү себептерин жоюу керектигин түшүнүшкөн. Чечкиндүү өзгөрүүлөрдү жүргүзүүнү, крепостнойлук укукту жоюуну максат кылган жаш дворяндар (негизинен офицерлер) 1816-ж. «Аман алып калуу союзу», 1818-ж. «Жыргалчылык союзу», 1821–23-ж. Санкт-Петербургда Түштүк жана Украинада Түндүк союзу сыяктуу жашыруун уюмдарды түзүшкөн. Алардын мүчөлөрү Россиянын келечектеги мамлекеттик жана социалдык-экономикалык түзүлүш долбоорлорун иштеп чыгышкан. Декабристтер Россияда, унитардык республиканы (П. И. Пестелдин «Орус акыйкаты») же федерациялык түзүлүштөгү конституциялык монархияны (Н. М. Муравьёвдун «Конституциясы») орнотууну көздөшкөн. 1826-жылга белгиленген куралдуу төңкөрүш император Александр Iнин капысынан дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Петербургда 1825-ж. 14-декабрда башталып, бирок ал оңунан чыкпай калган. С. Муравьёв-Апостол, М. Бестужев-Рюмин жетектеген түштүктөгү көтөрүлүш да 1826-ж. 3-январда басылган. Декабристтердин иши боюнча өтө жашыруун сот болуп, ага 579 киши тартылган. Анын беш жетекчиси – П. И. Пестель, С. И. Муравьёв-Апостол, М. П. Бестужев-Рюмин, К. Ф. Рылеев, П. Г. Каховский 1826-ж. 13-июлда дарга асылып, калганы түрдүү мөөнөткө Сибирге сүргүнгө жана Кавказга катардагы солдат катары айдалган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстан:энциклопедия
  • Нечкина М. В. Движение декабристов. Т. 1–2, М., 1955; Восстание декабристов. Т. 1–18, 1925–86.