Демаркация чеги – 1) согуш ишинде – согушкан мамлекеттер тынчтык келишим же макулдашуу жолу менен туруктуу чек ара коюуну чечкенге чейинки убактылуу элдешүү учурундагы алардын аскерлерин бөлүп туруучу чек; 2) жеңилген мамлекеттин аймагындагы басып алынган жерге салынган чек; 3) коңшу мамлекеттер талашкан аймакка убактылуу коюлган чек. Демаркация чеги согушкандардын ортосунда өзгөчө макулдашуу менен аныкталып, чектеш мамлекеттердин аралаш комиссиясы белгилейт. 4) медицинада – денедеги же организмдеги кабылдап кеткен жерди таза ткандан бөлүп турган, гранулдашкан ткань тилкеси.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1