Дерматология (дермато... ж-а ...логия) — медицинанын теринин түзүлүшүн, аткарган кызматын, ооруларынын пайда болуу себептерин, ооруну аныктоо, дарылоо жана анын алдын алуу жолдорун изилдөөчү тармагы. Дерматология венерология, жугуштуу оорулар, педиатрия, аллергология, эндокринология, хирургия, гинекология, неврапотология жана башка медициналык тармактар менен тыгыз байланыштуу.

Тери оору.

Тарых түзөтүү

Тери оорулары биздин заманга чейин эле белгилүү болгон. Аны изилдөөдө араб дарыгерлери жана Ибн Сина чоң салым кошкон. 20-кылымда аллергология, иммунология, химия, биология, биохимия, микробиология илимдеринин жетишкендиктери дерматологиянын өсүшүнө шарт түздү.

Кыргызстанда түзөтүү

Кыргызстанда дерматологиялык кызмат 1923-жылы Пишпек шаарында уюшулуп, 1-венерологиялык амбулатория ачылган. 1929-жылы Пишпек шаардык тери-венерология диспансер уюшулуп, 1937-жылы ал республикалык тери-венерология диспансер болуп кайра түзүлгөн. 1938-39-жылдарда Ош, Ысык-Көл, Талас, Жалал-Абад облусунда тери-венерология диспансерлери ачылган. 1941-жылы КММИде теривенерология кафедрасы уюшулат. Тери-венерология б-ча алгачкы адистер респ-канын эмгек сиңирген врачтары А. Борончиев, Б. Атакеев жана башкалар болгон. 1997-жылдан «Манас» программасынын негизинде тери-венерол. кызмат реформаланып, республикалык жана Ош облустук диспансерлери, үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы тери-венерология кабинеттери, серологиялык, бактериологиялык лабораториялар изилдөөлөрдү жүргүзөт. Кыргызстанда республикалык жана облустук тери-венерология диспансерлери иштейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8