Дешифратор – (фр. dechiааrer – чечмелөө, чечүү), шарттуу белги (код , шифр ) менен берилген билдирүүлөрдү чечмелеп, андагы кабарды кабыл алуучу системанын тилине которуп берүүчү электрондук түзүлүш. Дешифратор телемеханикада, эсептөө техникасында (коддорду чечмелөөчү, көрсөтүл гөн чоңдуктарды өзгөртүүчү түзүлүштөрдө), радио жана өлчөөчү техникаларда (детекторлордо, демодуляторлордо), телефон жана телеграф байланыштарында колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1