Дастан Жумабеков
Дастан Жумабеков[1] (төр. 2-ноябрь 1976; Саткей Кара-Буура району, Талас облусу, Кыргыз ССРи, СССР[2]) — Кыргызстандык саясатчы, мамлекеттик ишмер жана спортчу. «Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү. Чыгыш күрөш өнөрлөрү боюнча спорт чебери. 2017-жылдын 25-октябрынан 2020-жылдын 6-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы (2017-2020)[3]
Дастан Жумабеков | ||||
| ||||
---|---|---|---|---|
25-октябрь, 2017 — 6-октябрь, 2020 | ||||
Өкмөт башчысы: | Сапар Исаков Мухаммедкалый Абылгазиев Кубатбек Боронов | |||
Президент: | Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбеков | |||
Андан мурунку: | Чыныбай Турсунбеков | |||
Андан кийинки: | Мыктыбек Абдылдаев | |||
Дини: | ислам | |||
Туулган жери: | Саткей, Кара-Буура району, Талас облусу, Кыргыз ССРи, СССР | |||
Партиясы: | «Ата-Журт» (2010 — 2015) «Кыргызстан» (2015 — а. у) | |||
Билими: | Кыргыз Улуттук Университети (КУУ) | |||
Кесиби: | Юрист | |||
Өмүр баяны
түзөтүү1976 – жылдын 2-ноябрында Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Саткей айылында туулган[2].
Жогорку билимдүү. 2001 – жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетин “Юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун 2002 – жылы Кыргыз Республикасындагы түрк компаниясынын "Баямташ ЛТД" өкүлчүлүгүндө коммерциялык мүдүрү болуп баштаган.
2005-2007 – жылдары бельгиялык «КАSI трейнинг» фирмасында башкы менеджер;
2007-2009 – жылдары «ЯКАД» ЖЧКсында башкы мүдүр;
2009-2010 – жылдары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу боюнча механизациялашкан көчмө бөлүгүнүн башчысы;
2010-жылы октябрда «Ата-Журт» идеалисттик демократиялык саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин коррупция менен күрөшүү боюнча комитетинин мүчөсү;
2014-жылдын май айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата-Журт» фракциясынын лидеринин орун басары;
2015-жылдын июнь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата-Журт» фракциясынын лидери[4];
2015-жылдын 4-октябрында «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган[1];
2017-жылдын 25-октябрында жашыруун добуш берүүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп дайындалган[5]
Жеке жашоосу
түзөтүү11 бир туугандын арасында чоңойгон. Атасы — колхоздун бригадири, апасы — мугалим. Эң улуу агасы — белгилүү академик, профессор, Бишкектеги Травматология жана ортопедия улуттук борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
Сыйлыктары жана Наамдары
түзөтүү- 2009 – жылы Кыргыз Республикасынын спорттук-техникалык коргонуу уюмунда жасаган эмгеги үчүн медаль менен сыйланган. КР СТКУ Борбордук Кеңеши;
- Райондун инфраструктурасын жакшыртууга жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын Ардак грамотасы (2009 – ж.);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы (2014 – ж.);
- Талас облусунун Кара-Буура районунун Ардактуу атуулу;
Эскертмелер
түзөтүү- ↑ 1.0 1.1 7 жылдан бери депутат, белгилүү хирургдун иниси, футболчу... Спикерликке сунушталып жаткан Дастан Жумабековдун өмүр баяны. Super.kg. Текшерилген күнү 10 -февраль (бирдин айы) 2018.
- ↑ 2.0 2.1 Жумабеков Super.KG жылнаама. Super.kg. Текшерилген күнү 10 -февраль (бирдин айы) 2018.
- ↑ Дастан Джумабеков подал в отставку
- ↑ Жумабеков "Ата Журт" фракциясынын лидери болуп Дастан Жумабеков шайланды. Super.kg. Текшерилген күнү 10 -февраль (бирдин айы) 2018.
- ↑ Sputnik. Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды (кырг.). sputnik.kg. Текшерилген күнү 10 -февраль (бирдин айы) 2018.