Диалектилик лексиканын пайда болуу жолдору жана булактары

“Диалектикалык лексика деген түшүнүккө ар бир диалектинин сөздүгун түзгөн, бардык диалектилерге орток, жалпы элдик лексика кирбейт, ал түшүнүккө ар бир диалектиге (говорго) же диалектилердин (говорлордун) тобуна гана мүнөздүү болгон сөздөр кирет. Диалектилик сөз тыбыштык түзүлүшү боюнча морфологиялык структурасы боюнча, семантикалык мааниси же чыгыш теги боюнча озгөчөлүккө ээ болот.” Деп жазган Б.М.Юнусалиев.

Диалектилик лексиканын пайда болушунда ички жана сырткы эки тилдик булагы бар экенин белгилеп төрт түрдүү жолдор менен өнүгүшүн Б.М.Юнусалиев төмөнкүчө баяндаган.

  1. Тыбыштык өзгөрүүлөр (фонетикалык сөз жасоо) аркылуу.
  2. Морфологиялык өзгөрүштөр аркылуу.
  3. Сөздүн семантикалык маанисинин өзгөрүшүнүн натыйжасында.
  4. Башка тилдерден кабыл алууга байланыштуу.

Кыргыз диалектилери коңшулаш жашаган элдердин сөздөрүн кабыл алуу аркылуу анын лексикасы толукталып байыганына өзгөчө көңүл бурган. Алардын лексикасынын байышынын тарыхы байыркы доордо уруулук тил учурундагы доордон башталаары, аны тереңдетип изилдөөнүн чоң мааниси да бар экенин атайылап эскерткен. Диалектилик лексиканын пайда болушунун жалпы эле кыргыз тилинин өнүгүш тарыхына, анын ар кандай доорлоруна басып өткөн өнүгүш баскычтарына байланышта карап үч катмарга бөлгөн.

  1. Энисейлик катмар.
  2. Алтайлык катмар
  3. Орто кылымдык катмар.

Булардын ар бирин илимий негизде изилдеп кароо алигиче иштеле электигин, аны ырастаган факты материалдары да жетишсиз экендигин эскеткен.
Колдонулган адабият

  • Абак Биялиев кыргыз диалектологиясы Бишкек 2011