Дивергент сериясы: Инсургент

"Дивергент сериясы: Инсургент" (англ. The Divergent Series: Insurgent, орус. Дивергент, глава 2: Инсургент) деген аталыш менен белгилүү болгон "Көтөрүлүшчүлөр" Америкада 2015-жылы жарык көргөн илимий фантастикалык экшн тасмасы. Режиссёру Роберт Швентке. Тасма Вероника Роттун "Дивергент" үчилтигинин экинчи бөлүгү "Инсургентке" негизделип тартылган. Бул 2014-жылы жарык көргөн Дивергент тасмасынын уландысы жана "Дивергент" сериясындагы экинчи кинотасма. Продюсерлери Люси Фишер, Пуйа Шабазиан жана Дуглас Уик. Сценарийин жазгандар Брайан Даффилд, Акива Голдсман жана Марк Бомбэк. Швентке Нейл Бургердин ордуна режиссёр болуп келип, ал эми Бургер тасманын башкы продюссери болуп иштеп калган. Шейлин Вудли менен Тео Жеймс башында турган фильмдин мурдагы актёрдук тобу менен катар Октавия Спенсер, Наоми Уоттс, Суки Уотерхаус, Роза Салазар, Дэниел Дэ Ким, Жонни Уестон, Эмжей Энтони жана Кейнан Лонсдэйл экинчи пландагы ролдорду аткарышкан.

"Көтөрүлүшчүлөр" биринчи сериядагы окуялардан беш күн өткөндөн кийин орун алып, "эр жүрөк" аскер кыз Трис Прайорго көз салууну улантат. Трис менен анын "эр жүрөк" жол көрсөтүүчүсү Фор Эрудит фракциясынын башчысы Жанин менен анын фракциясындагы башка кишилерден көтөрүлүшкө катышпай койгон үчүн качып жүрүшкөн болот. Чикагодо кыяматтан кийинки фракция системасы бузулуп, баары эле бийликке умтулуп, жооп алгысы келет. Тасма тартуу иштери Жоржия штатынын Атланта шаарында 2014-жылдын 27-майында башталып, ошол жылдын 6-сентябрына чейин созулган.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү