Диоктофимоз (Dioktophimosis) – ит сымалдардын бөйрөгүн жабыркатуучу гельминтоз ылаңы. Козгогучу (Dioktophyme renale) ачык кызыл түстөгү нематода, бөйрөк күлтүгүндө мителик кылат. Кээде киши, чочко, жылкы, бодо ылаңга чалдыгышы мүмкүн. Козгогучу бардык жерде таралган. Эркегинин узундугу 14–40 см, ургаачысы чоңураак келип, 20–100 смжетет. Өрчүшү аралык ээсин (олигохет курттары) жана убактылуу ээсинде (олигохеттер менен азыктанган балык, бака) өтөт. Акыркы ээсинин (ит, мышык, түлкү, карышкыр, суусар жана башка) денесине кирген мите карынды тешип өтүп, курсак көңдөйү аркылуу боорго жетет, ал жерден бир жолу түлөп, кайрадан курсак көңдөйүнө келип, экинчи жолу түлөйт. Ошентип жыныстык жактан жетилген соң, бөйрөк күлтүгүнө келет. Соо жаныбарга булганган суудагы мите личинкалары бар олигохеттерди же болбосо митенин убактылуу ээсин жегенде жугат. Ылаңдаган ит кусат (митенин личинкалары карынына киргенде), кан сийет (личинкалар бөйрөгүнө жеткенде). Өтө баалуу жаныбар болсо, бөйрөгүнө операция жасайт, калганын жок кылат. Ылаңды алдын алуу үчүн ылаңдаган итке жана аң фермаларындагы жаныбарларга чийки балык берүүгө тыюу салынат, аларга аябай туздалган жана бир кайна тылган балык берилет. Кудуктан же суу куурунан алынган гана суу менен сугарылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1