Дмитриевка (Ысык-Ата району)
Дмитриевка (кырг. Дмитриевка) — Кыргыз Республикасынын Чүй облусун Ысык-Ата районундагы айыл. Жээк айыл округу составына кирет. Ысык-Ата суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 735 м бийиктикте. Бишкек-Каракол автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кант шаарынан 5 км чыгыш тарапта. Кыштак 1882-жылы орношкон. Калкы 3081 (2009); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Орто жана жатак мектеп, клуб, ФАП, дарыкана бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү иштейт. Калып:Kyrgyzstan-stub
Дмитриевка | |
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Тарыхы жана Географиясы | |
Калкы | |
Калкынын саны | |
Жыштыгы |
адам/км2 |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы |
+6 |
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5