Доха (араб. الدوحة, Эд-Доха) - Катар мамлекетинин борбор шаары. Түштүк-Батыш Азияда, Катар жарым аралында. Перс булуңундагы порт. Калкы 293,0 миң (2003). Эл аралык аэропорту бар. Биздин замандын 7-кылымында Араб халифатынын курамында, 13-14-кылымда Бахрейн эмирлери башкарып келген, 16-кылымда Португалиянын, 1872-жылдан Оттоман империясынын курамына кирген. 1971-жылга чейин Улуу Британия протектораты. Металл иштетүү, цемент, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүк өнүккөн. Балык кармалат. Бермет чогултулат. Университет, педагогикалык институт, музейлер (улуттук, этнографиялык) бар. Архитектура эстеликтери сакталган. 2007-жылы Дохада XX Азия чемпионаты өткөрүлгөн.