Дубанаев Садырбек Мамбеталиевич

Дубанаев Садырбек Мамбеталиевич (1949-ж. т., Жети-Өгүз району, Жети-Өгүз айылы) — генерал-майор (1994).
1972-ж. Бишкектеги милициянын орто мектебин, 1979-ж. Карагандыдагы милициянын жогорку мектебин, Академиялык курсун бүткөн.
1966-жылдан Бишкектеги В. И. Ленин атындагы заводдо слесарь, 1973—76-ж. Каракол шаардык ИИБде эксперт-криминалист, 1976—80, 1981—91-ж. Ысык-Көл облустук, 1980— 81-ж. Ак-Суу райондук ИИБдин начальнигинин орун басары, 1991-жылдан Нарын облустук ИИБдин начальниги.
Милициянын отличниги. Кыргыз Республикасынын Гербинин авторунун бири. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (1990—95). Медалдар менен сыйланган.

Дубанаев Садырбек

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.