Дхвани(санскрипт сөзмө-сөз – үн, жаңырык) – байыркы индия поэтикасынын жана эстетикасынын борбордук түшүнүктөрүнүн бири.

Дхвани жөнүндөгү окуу Анандавардхананын 9-кылымдын аягында Кашмирде жазган «Дхваньялока» («Светдхвани») чыгармасында соңуна чыгарылган. Поэзиянын «атманы» (жаны) деген аныктаманы туюндурган Дхвани поэтикалык кептин өзөгүн түзөт да, поэтикалык эмес кептен айырмалап турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8