Дыңша
Дыңша — топоним, эпостун варианттарында дуңша, дыңша, туңша, дуңшаң деген формаларда айтылып, негизинен эл жана жер (шаар, чөл.талаа маанисинде айтылат: "Беги качкан берен журт Бейпай Туңша деген журт" (Сагымбай Орозбаков, 4. 275), "Кытайлар Дыңша дээр экен, Кырк күнчүлүк чөл экен" ( Саякбай Каралаев, 1, 11). "Качып кетер жолуна, Дыңша талаа боюна, Он эки чоро жиберген" ( Саякбай Каралаев, 1. 210). Мында "дыңшаң" же "дуңшаң" термини менен Кытайдын Гансу провинциясында жашаган моңгол тилинде сүйлөгөн эл (дунсян) жана ошол эл жашаган реалдуу аймак аталат. Дагы бир учурда:
Чынмачынга, Бээжинге
Чын Каканга, Туңшага
Алоокенин Коңурбай
Улук болду мынчага ( Саякбай Каралаев, 1. 166),— деп айтылат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|