ДөбөлүүКыргызстандын Нарын облусунун Нарын районундагы айыл. Дөбөлү айыл аймагына кирет.

Дөбөлүү
Өлкө

Кыргызстан

Тарыхы жана Географиясы
Калкы
Калкынын саны

1254 [1] (2009)

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Нарын дарыясынын жээгинде, деңиз деңгээлинен 2180 м бийикте жайгашкан. Райондун административдик борбору ― Нарын шаарынан 19 км чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол бекетинен 205 км. Кыштак 1929-жылы отурукташкан. Калкы 1280 (2006); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, маданият үйү, китепкана бар. Мончо, үй-бүлөлүк врачтар тобу, 3 тегирмен иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.[1]

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5
  1. 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.