Дөдө-Мөл, Тоо
Молдо тоонун түштүк тармагы.Чамынды жана Кайыңды Нарын сууларынын (Нарындын оң куймалары) аралыгында түштүк-батыштан түндүк-чыгышка 20 кмге созулуп жатат.Ак-Талаа районунун аймагында. Туурасы 5 кмдей. Орточо бийиктиги 1700–2100 м, эң бийик жери 2767 м (Карал-Арча чокусу). Жону тайпак, Нарын капчыгайына караган түштүк-чыгыш капталы кыска жана тик (60–80°), ал эми түндүк-батышкапталы узун.Чамынды өрөөнүнө карай жантайыңкы.Тоонун бийик түндүк-чыгыш бөлүгү карбондуу кумдук,сланец,алевролит,конгломерат,кремний ,жапыз түштүк-батыш бөлүгүн еогендин конгломерат, кумдук, мергель тектеринен түзүлгөн. Кургак талаа жана талаа (1400–1500 мге чейин), шалбаалуу талаа (карагай токою бар) ландшафт алкактары басымдуу.Чабынды, жайыт катары пайдаланылат.
Адабияттар
түзөтүү- [[http://www.bizdin.kg/elid/kitepter/pdf/geogr_ensclp.ptf(жеткиликсиз шилтеме) Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.:2004
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|
Categoru:Кыргызстан
Categoru:Илим
Categoru:География
Categoru:Тоо
Categoru:Жаратылыш
Categoru:Түндүк Кыргызстан
Categoru:Тумар-2011