Европарлемент– Европанын 12 өлкөсү кирген (Бельгия, Улуу Британия, Германия, Греция, Дания, Ирландия, Испания, Италия, Люксембург, Нидерландия, Португалия, Франция) мамлекеттер жана улуттар аралык саясий орган. Европарлементте 518 депутат бар, 5 жылда бир жолу түз добуш менен шайланат. Европарлемент Батыш Европада саясий интеграцияга жол ачкан. 1970-жылы 18-июлда Европарлементте 1 шайлоо болуп өткөн. Европарлементтин депутаттары Францияда чогулушат. Депутаттардын саны ар бир өлкөнүн чоңдугуна жараша болот. Мисалы, Улуу Британия, Италия Германия, Франция – 81, Ирландия – 15, Люксембург – 6 жана башка Депутаттар улуттук таандыгына жараша эмес, партиялык фракцияларга биригишет. 1989-жылы шайлоодон кийин 9 фракция пайда болгон. Европарлементин иштешинде интеграциянын эки тенденциясы бар: консервативдүү жана либералдуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9