Кол күчү менен атылуучу байыркы курал. Ал үч бөлүктөн турат: жаа жыгач же мүйүз, тептирге жана жебе.

Жаа жана жаанын огу

Жумуру же бир жагы жалпайтылган жаа жыгачы арча, четин, сөксөөл, жаңгак сыяктуу серпилгич, катуу жыгачтан жасалат.

Эгерде жаа жыгачы тоо теке мүйүзүнөн жасалса, ал мүйүз жаа деп аталат. Жаа жыгачтын же мүйүздүн орто жери жоонураак, эки четин көздөй ичкертилип, учтары тептирге байланганга ылайыкталып туурасынан кертмектелип жасалат.

Жаа жыгачтын же мүйүздүн ортосунун сол жагына (бир тутам жерине) чийден жоонураак жипти, ширини оройт же сөөктөн, мүйүздөн эп кыят, ал жаа тутка деп аталат.

Жаа тутка жаачынын колуна эптүү, чак жана токтомдуу кылып жасалат. Жаа жыгачтын эки үчүн ийе тартып, катуу байланган жип же тарамыш тептирге деп аталат.

Ал төө жүнүнө кыл же тарамыш кошуп ийрилген бышык жоон жипти бир нече каттап чыйратылып жасалат.

Жаанын огу – жебе. Жааны дүйнөнүн бардык элдери мезолит дооруна (б.з.ч. 12–2 кылымдар) чейин колдонушкан. Жаа жөнөкөй, татаал болуп экиге бөлүнгөн.

Жөнөкөй жаа эч бир асеми жок жаа жыгачтан, тептиргеден гана турса, татаал жаанын жыгачынын сырт жагынан майда таралган тарамыш жыш желимделип, ички бети жука мүйүз менен капталып, эки учуна жана орто жериндеги туткасына сөөктөн эп кыйылат.

Мүйүз жаалар алтын, күмүш, жез чөгөрүлүп, оймо-чиймелер менен асемделет.

Жоокерчиликте, мергенчиликте жаа сол ийинге, саадагы оң далыга асылат. Жаа менен аң улоону кесип кылган адам жаачы мерген деп аталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)