Жайнаков, Аманбек Жайнакович

Аманбек Жайнакович Жайнаков (07.10.1941 жылы Талас обл.) – кыргыздын белгилүү физик окумуштуусу, физика-математика илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Эл Мугалими, профессор, академик, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун кенешчиси, Кыргыз Республикасына эмгек синирген ишмер, Кыргыз Республикасынын илим жана техника тармагындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын илим жана билим беруусунун корунуктуу уюштуруучусу, математикалык жана теориялык физика, механика, математикалык моделдештируу жана компьютердик технологиялар тармагындагы ири окумуштуу.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Аманбек Жайнак уулу Жайнаков 1941-жылы 7-октябрда Кыргызстандын Талас облусуна караштуу Талас районундагы Кырк-Казык кыштагында туулган.

1963-жылы Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин физика-математика факультетин артыкчылык менен аяктаган.

1969-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин аспирантурасын аяктаган.

1970-жылы кандидаттык диссертациясын, 1984-жылы – доктордук диссертациясын жактаган.

1963-жылы Кыргыз улуттук университетинде окутуучу болуп иштей баштайт.

КУУнун теориялык физика кафедрасынын аспирантурасын аяктаган соң, 1976-жылга чейин аталган кафедрада окутуучу, ага окутуучусу, доценти, кафедра башчысы болуп иштейт.

1976-жылы анын жетекчилиги менен Кыргызстанда Жумурияттык ЖОЖдор аралык эсептөө борбору ачылган. Бул борбор кийинчерээк Маалымат таануу жана маалымат технологиясы институту болуп калган. Борбор жана институт Кыргызстанда билим берүү жана илим тармактарын компютердештирүүгө пайдубал кызматын аркалады.

1976-2003-жылдары аталган институттун директору болуп ырааттуу иштеп келди.

2000-жылдан бери – Улуттук илимдер академиясына академик.

2003-жылы январда Билим берүү министрлигинин алдындагы Билим берүү академиясынын президенти болуп дайындалды.

2003-жылы февралда Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын вице-президенттигине анын физикатехникалык,математикалык жана тоо-геологиялык илимдер юолумунун бюросунун торагасына шайланды.

2003-жылдан ушул мезгилге чейин Улуттук илимдер академиясынын академиги Ж.Жээнбаев атындагы Физика-техникалык проблемалар жана материал таануу институтундагы "Электрдик жаанын плазмасынын прикладдык динамикасы" деген илимий изилдоочулук иштердин долбоорунун жетекчиси болуп саналат.

2008-жылдын мартынан Физика-техникалык проблемалар жана материал таануу институтунун башкы илимий кызматкери.

2010-жылы 1-мартынан азыркы мезгилге чейин Улуттук илимдер академиясынын Президиумунун кенешчиси.

2011-жылдын февралынан Физика-техникалык проблемалар жана материал таануу институтунун теориялык физика лабораториясынын башчысы.

2011-жылы 13-июлда Ү.Асаналиев атындагы тоо-металлургия институтунун маалыматтык технологиялар жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын башчысы, профессор, академик Аманбек Жайнаковду 24 мамлекеттен келген окумуштуулар дүйнөнүн Түрк тилдүү өлкөлөрүнүн математиктер коомунун вице-президенти кылып шайлашты.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Жубайы - Мира Раимкановна Медетбекова. Ал – Эшеналы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университетинин профессору. Төрт баласы бар.

Илимий ишмердиги түзөтүү

350дөн ашуун ар кыл илимий эмгектердин автору. 11 чакты монография, 10 окуу китебин жана окуу куралын, колдонмолорду жарыялаган.Көптөгөн эмгектери Германия, Италия, Япония, Югославия, Англия, Туштук Корея, Россия, Казакстан сыяктуу чет өлкөлөрдө жарык көргөн.

1976-жылы анын жетекчилиги менен Кыргызстанда Жумурияттык ЖОЖдор аралык эсептөө борбору негизделген.

1984-жылы өзү түзүп-калыптаган Эсептөө борборуна жетекчилик кылып туруп, СССР Илимдер академиясынын Новосибирск шаарындагы Сибирь бөлүмүнүн жылуулук физикасы институтунда “Ачык мүнөздөгү өзгөчө так электр жааларындагы термогазодинамикалык жүрүмдөрдүн моделдери” деген темадагы докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргоду.

Кыргызстандын Жогорку аттестациялык комиссиясынын (мурдагы Улуттук аттестациялык комиссиянын) физика-математика илимдери жаатындагы адистик кеңешинин төрагасы.

Корголгон 5 доктордук жана 15 кандидаттык диссертациянын илимий жетекчиси.

Кыргызстандагы ЭЭМ жана А. Жайнаков түзөтүү

Алгачкы Эсептөө борбору – кийинки Информатика жана маалыматтык технологиялар институтунун жетекчилик кызматында каарманыбыз ашык-кеми жок 26 жыл иштеди.

Эски жана жаңы ар качан атаандаш, атүгүл каршылаш да жүрөт. Кээде сөөк-канга сиңип бүткөн эски көнүмүш жаңы нерсеге оңой менен орун бошото койбойт. Андайда алдыга жылууну аныктап жана шарттоочу адамдык психологиянын өзгөрүшүнө да өзгөчө роль таандык экени бештен белгилүү.

ЖОЖдорго электрондук эсептөө машиналарынын келишин бардыгы эле түшүнүү менен кабыл алышкан жок. Гуманитардык багыттагыларды коёлу, өмүр бою математикалык анализ, теориялык физика, механика жана геометриядан сабак беришкени менен ЭЭМ жөнүндө түшүнүгү да жок мугалимдерди “пультка отуруп үйрөнгүлө” деп үгүттөө психологиялык жактан бир топ эле кыйынчылыкка турду.

Андыктан жаңылыкка негизинен жаштар тартылды. Жаштар колдоду, жаштар кызыкты. Университет, политехникалык, медицина, айыл чарба ж.б. институттардын ынтызар окутуучу-адистери менен студенттерин өз каалоолоруна жараша атайын класстарда окутуу өтө жигердүү темп менен күч алды. Машиналардын жанында уйку, тамакты да унутуп, атүгүл ошол жерди “экинчи турагы” санаган кылым техникасынын достору көбөйдү.

Эсептөө борборунда тез эле аралыкта “Абитуриент”, “Студенттер контингенти”, “Жогорку окуу жайларынын кадрлары”, “Сессия”, “Жогорку окуу жайларынын паспорту” ж.б. базалык программалар түзүлүп, башта канча бир убакыт, адам күчүн талап кылган кара жумуштар автоматташтырылып, алардын ичинде кирүү экзамендеринин жыйынтыктары, мугалимдердин айлык акылары, студенттердин стипендия­лары так кепилдик менен бир заматта эсептелип, андай отчеттор окуу жайлардын өздөрүнө жана Элге билим берүү министрлигине жиберилип турган экен.

Арадан жылдар өттү. “Караңгыдан көз тапкандай” сүйүнткөн ЭЭМ “миң мээлүү” – миллиондогон белгини жана эсепти унутпай эсинде сактаган артыкчылыгы менен көпчүлүк окуу жайлардан биротоло орун-очок алды. Кыргыз ээмчилеринин тажрыйбасын үйрөнүү үчүн башка союздук республикалардан да көптөгөн окумуштуулар, адистер, аспиранттар келе башташты. Эсептөө борборунда ЭЭМде иштөө үчүн кадимкидей узун кезек түзүлөт.

А.Жайнаковдун өз баасы:

Ишибиздин билим берүү тарыхына жазылган чоң өзгөчөлүгү – ал убакта мындай кеңири популярдуулукка ээ болгон ЖОЖдор аралык Эсептөө борборун түзүү сыяктуу тажрыйба Орто Азия жана Казакстан республикаларын коелу, Москвага жакын жайгашкан башка союздук республикалардын эч бирөөндө да жок болчу. Демек, биз, кыргыздар, бул жагынан алганда, ЭЭМде иштөөнү үйрөтүү боюнча алгачкы демилгечилерден – көч баштоочулардан болгондугубуз чындык. Бюджеттен каражат бөлдүрүү аркылуу университетке, политехникалык институтка 2-3төн ЭЭМ койдурууга жетиштик. Кыска аралыкта эле жогорку окуу жайларындагы такай иштеген ээмчилердин саны 150-160 кишиге чейин көбөйдү. Мугалимдерди атайын курстардан өткөрүп чыктык. Ар бири кеминде 200 чарчы метрди ээлеген ЕС-1022, ЕС-1033, ЕС-1045, ЕС-1046 деген үлгүдөгү эсептөө машиналары бизге көп жылдар дурус эле кызмат кылып берди.

Аманбек Жайнаков азыркы ар бир кыргызстандык үзүр-кызматын пайдаланып жаткан улуттук компьютер мектебин түзүүгө ушинтип негиз салды.

Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

1992-жылы Аманбек Жайнаков илимий чыгармачыл жамааттын курамында технологиялык процесстердеги агымдуу плазматронду иштеп чыгуу, изилдөө жана колдонуу табылгасы үчүн Кыргыз Республикасынын илим жана техника тармагы боюнча мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.

Академик A. Жайнаков илимий – педогогикалык ишмердүүлү, квалификациялуу адистерди даярдоодогу жана ата мекендик илимди өнүктүрүүдөгү кошкон зор  салымы үчүн:

  • “Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер” наамы
  • "Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы,ССРдин жогорку билим беруу тармагынын отличниги" (1977)
  • "Кыргыз ССРнин элге билим беруусунун отличниги" тош белгиси(1980)
  • "Илим жана техника жаатындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1992);
  • "Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (1995-жыл);
  • «Ар-намыс Даңк Эмгек» Георгий медалы, «Манас-1000» юбилейлик медалы менен сыйланган, (1995);
  • "Эмгектеги каармандыгы үчүн" медалы (1996);
  • Ардактуу Кыргыз Республикасынын илим ишмери (2000)
  • «Алтын фортуна» Эл аралык рейтинг Академиясынын II даражадагы (2003);
  • «Айкөл Манас - Жылдын адамы» конкурсунда «Кыргызстандын 2004-жылдагы мыкты илим ишмери»
  • 3-даражадагы “Манас” ордени (2006)
  • “Манас-1000” медалы
  • Кыргыз Республикасынын Эл мугалими (2011)
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы (2011)
  • Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын Ардак грамотасы (2012)
  • Академиялык атындагы И.К.Ахунбаев сыйлыгы лауреаты (2013)
  • Казакстан менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы  байланышты бекемдөөдөөгө кошкон салымы менен “Аль-Фараби атындагы Казак Улуттук университети 80 жыл" юбилейлик медалы менен сыйланган (2015).

Казакстан менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагыбайланышты бекемдөөгө кошкон салымы менен "Аль-Фараби атындагы Казак улуттук Университети 80 жыл" юбилейлик медалы менен сыйланган Ардактуу илимий наамдары:

  • Кембридж атындагы  биографиялык борборунан чыкан "XX кылымдын чыгаан инсандары" Улуттук биографиялык справочнигине аты киргизилген (Улуу Британия);
  • КР УИА Академиги;
  • Эл аралык Маалыматташтыруу академиясынын мүчөсү;
  • Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын ардактуу академиги;
  • Академик Д.Серикбаев атындагы Чыгыш  Казак  мамлекеттик техникалык  университетинин  ардактуу  профессору;
  • Кыргыз Улуттук Университетинин ардактуу профессору наамы;
  • Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин ардактуу профессору наамы;
  • Ысык-Көл жана Жалал-Абад , Баткен университенин ардактуу профессору;
  • Академик У.Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология,тоо-кен иши жана жаратылышты оздоштуруу университетинин ардактуу профессору наамы;
  • Талас университетинин ардактуу профессору;
  • Кыргыз республиканын Жогорку  аттестациялык  комиссиясынын Ардак граматасы;
  • Кырыгыз  Республикасынын Жогорку Кенешинин Ардак граматасы;
  • Кыргыз Республикасынын Талас облусунун ардактуу жараны;
  • Талас районун ардактуу атуулу;
  • Талас шаарынын жараны;
  • Бишкек шаарынын ардактуу жараны;

Чыгармаларынын чакан тизмеси түзөтүү

Ал тууралуу эмгектер, макалалар түзөтүү


Интернеттеги шилтемелер түзөтүү